• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык Салиха Гобоева кикбокс боюнча Азия чемпионатында коло байгеге ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 15.12.22. /Кабар/. Кикбокс боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Салиха Гобоева Бангкок шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында коло байгенин ээси болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Гобоева 56 кг салмакта кыз-келиндер арасында лоу-кик дисциплинасында беттешти. Биринчи беттешинде жеңип, ал эми жарым финалда кореялык спортчуга жеңилип, 3-орунду ээледи.

Пикир

Оставить комментарий