• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызын төлөгөн субъекттердин туум жана санкциясы эсептен чыгарылды

Экономика 0

Бишкек, 26.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын август айынан тартып 2021-жылдын 24-майына чейин салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызын төлөгөн 5 миң 749 субъектиге карата 256,7 млн сом туум жана санкцияны эсептен чыгарды. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы блилдирет.

Атап айтканда, салык карызынын негизги суммасын жойгон 4 миң 246 салык төлөөчүгө карата 187,6 млн сом суммасындагы туум, санкция жана айып пулдары эсептен чыгарылды. Алардын ичинен туумдар 159,6 млн сомду, салык санкциялары – 28 млн сомду түзгөн. Мында субъекттер бюджетке 312,6 млн сом салык карызынын негизги суммасын төлөштү.

Ошондой эле камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын негизги суммасын төлөгөн 1 миң 503 субъектиге 69,0 млн сом суммасындагы туум, санкция жана айып пулдары эсептен чыгарылды. Бюджетке 148,7 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасы төлөндү.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 14-августундагы “Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык, төлөөчүлөр салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын төлөп, эсептелген туум, санкция жана айып пулдарды эсептен чыгаруу мүмкүнчүлүгүн пайдалана алышат.

Мыйзамга ылайык, төлөөчүлөр жана жарандар 2020-жылдын 1-июлуна чейин түзүлгөн салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын негизги суммасын 2021-жылдын 1-июлуна чейин төлөсө 100 пайыз, ал эми карызынын негизги суммасын 2021-жылдын 31-декабрына чейин төлөсө 50 пайыз туум, санкция жана айып пулдары эсептен чыгарылат.

Салык төлөөчүлөр салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды кайра түзүмдөштүрүү үчүн катталган жери боюнча салык органына кайрыла алышат.

Белгилей кетсек, Салык кызматы 2021-жылдын май айында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөтүү менен салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды төлөгөндөргө туум жана санкцияларды эсептен чыгаруу боюнча айлык өткөрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий