• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанга 9 айдын ичинде чет элдик инвестициянын келиши 503 млн долларды түздү

Экономика 0

Бишкек, 24.12.21. /Кабар/. Кыргызстанга 9 айдын ичинде чет элдик инвестициянын келиши 503 млн доллардан ашык каражатты түздү. Бул тууралуу инвестиция министринин милдетин аткаруучу Нурадил Баясов билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 6 ай ичинде 2020-жылдын тогуз айында түшкөн каражатты алуу мүмкүн болду.

“Бул өлкөнүн ичинде болуп жаткан саясий процесстерге, COVID-19 тоскоолдугуна карабастан оң динамикаларды көрүп жатабыз дегенди билдирет”, - деди Баясов.

Ал ошондой эле 2020-жылы Кыргызстанда гана эмес, дүйнө жүзүндө пандемиянын таасиринен улам дүйнөлүк инвестиция 42% кыскарганын белгиледи.

“Бүткүл дүйнө жүзүндө 2020-жылы болжол менен 852 миллиард доллар инвестиция болгон. Бирок быйыл динамика жакшы жагына өзгөрүүдө”, - деди Баясов.

Пикир

Оставить комментарий