• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Финансы министрлиги бюджеттик кызматкерлердин эмгек акысын төлөөгө 62 млрд сом бөлдү

Экономика 0

Бишкек, 11.07.23. /Кабар/. 2023-жылдын январь-июнь айлары үчүн эмгек акы төлөө фонду боюнча чыгымдар 61 млрд 964,9 млн сомду түздү, деп билдирет Финансы министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, көрсөткүч 18 млрд 302,8 млн сомго же, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 41,9 % га көбөйдү.

Бул өсүш 2022-жылы мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын, ошондой эле бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлердин башка категорияларынын эмгегине акы төлөө шарттарын өркүндөтүүгө байланышкан:

- 2022-жылдын 1-апрелинен тартып социалдык чөйрөнүн кызматкерлери, мамлекеттик жарандык кызматчылардан жана муниципалдык кызматчылардан тышкары;

- 2022-жылдын 1-августунан баштап мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар.

Пикир

Оставить комментарий