• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Германия Кыргызстандан айыл чарба продукциясын түз ташууга кызыкдар

Экономика 0

Бишкек, 09.09.22. /Кабар/. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын агробизнес альянсынын жетекчиси Пэр Бродерзен жана Борбордук Азия боюнча өлкөлүк жетекчиси Дирк Штратман менен жолукту. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.

Жолугушуу учурунда элчи Текебаев Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба продукциясын Германияга жана Европа биримдигинин өлкөлөрүнө экспорттоо потенциалы тууралуу маалымдады.

Ошону менен бирге элчи Кыргызстандын продукциясын экспорттоо менен катар өлкө аймагында айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча кыргыз-герман биргелешкен ишканаларын түзүү маанилүү экенин белгиледи.

Бродерзен белгилегендей, Германия жана ЕБ өлкөлөрү Кыргызстан менен айыл чарба тармагында активдүү кызматташууга кызыкдар. Тактап айтканда, айыл чарба продукциясын үчүнчү өлкөлөр аркылуу эмес, түздөн-түз Германияга жеткирүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Германиянын өндүрүүчүлөрү жана компаниялары менен байланышты түзүү жана чыңдоо боюнча макулдашуу жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий