• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүү маселеси талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 12.02.24. /Кабар/. Бишкекте үстүбүздөгү жылдын 9-февралында КР Улуттук банкынын, микрофинансылык сектордун, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана финансылык институттардын өкүлдөрүнүн катышуусунда "Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы" ЮЖБ тарабынан уюштурулган тегерек стол болуп өттү.

Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей, тегерек столдун жүрүшүндө микрофинансылык сектордун жана КР Улуттук банкынын өкүлдөрү Микрокаржылоо секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруунун жыйынтыктарын талкуулашты.

Ошондой эле планга микрокаржылоо сектору тарабынан берилген кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүүгө өбөлгө түзүү, ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга финансылык кызматтарды көрсөтүүдө банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, аялдардын ишкердүүлүгүнө дем берүү жана колдоо көрсөтүү, ошондой эле өзүн-өзү жөнгө салуу институтун түзүү боюнча иш-чараларды алып салуу жагында киргизилген өзгөртүүлөрдү талкуулашты.

Тегерек столдо Улуттук банк тарабынан микрофинансылык сектордун кредиттери боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүү жана жоопкерчиликтүү кредиттөөнүн деңгээлин жогорулатуу зарылчылыгына негизги басым жасалган.

Пикир

Оставить комментарий