• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда жыл башынан бери ИДПнын көлөмү 3,9% көбөйдү

Экономика 0

Бишкек, 11.07.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда ички дүң продуктынын (ИДП) көлөмү алдын-ала баалоо боюнча, 453 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди.

Анын маалыматына караганда, көрсөткүч 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,9% көбөйгөн.

2023-жылдын январь-июнунда өнөр жай продукциясынын көлөмү 207 миллиард сомду түздү жана 2022-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу текстиль өндүрүшүндөгү, кийим-кече жана бут кийим, булгаары жана булгаары буюмдарын (38,5 пайызга), фармацевтикалык продукциялардын (26,4 пайызга), химиялык продукциялардын (22,0 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүүдөгү, полиграфиялык ишмердиктин (19,8 пайызга), резина жана пластмасса буюмдарын, курулуш материалдарын өндүрүүнүн (16,9 пайызга), тамак-аш (суусундуктарды кошкондо) жана тамекинин (10,0 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казуунун (6,1 пайызга) көлөмдөрүнүн жогорулашынын эсебинен 0,4 пайызга көбөйдү.

Пикир

Оставить комментарий