• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсияны жогорулатуу пландалууда

Экономика 0

Бишкек, 12.08.21. /Кабар/. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги "2021-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө" министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Документте 2021-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн 2021-жылдык 1-октябрынан тартып 1,08 индексациялоо коэффициентине, бирок жалпы өлчөмү 4785,4 сом 40 тыйындан ашпаган пенсиялар үчүн 200 сомдон кем эмес жана жалпы өлчөмү 4785,4 сом 40 тыйынды түзгөн жана андан ашкан пенсиялар үчүн 500 сомдон кем эмес индексацияласын деп көрсөтүлгөн.

Социалдык фонддун алдын ала эсептөөсүнө караганда, 2021-жылдын 1-октябрына карата пенсионерлердин саны 715,5 миң адамды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий