• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Азия өнүктүрүү банкы Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоого $100 млн жумшайт

Экономика 0

Бишкек, 29.03.19. /Кабар/. Азия өнүктүрүү банкы Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоого 100 млн. доллар жумшайт.

Ал банк 60 млн. долларды насыя түрүндө, 40 млн. долларды грант иретинде берип жатат. Ошондой эле, Азия өнүктүрүү банкы Евразиялык өнүктүрүү банкы аталган долбоорго берип жаткан 45 млн. доллар насыяны администрациялайт.

"Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо өкмөттүн таза энергияны өндүрүүнү көбөйтүү үчүн гидро электр станцияларын калыбына келтирүү стратегиясына колдоо болот. Кыргыз Республикасы жылына дээрлик 150 терраватт-саат таза электр энергиясын чыгарууга дарамети бар. Бирок, учурда ал, бул көлөмдүн 10%га жакынын гана өндүрүп жатат. Үч-Коргон ГЭСинде иштер аяктагандан кийин 20%га көп электр энергия чыгара баштайт деп үмүттөнөбүз", - деген Азия өнүктүрүү банкынын энергетика боюнча башкы адиси Сохаил Хасни.

Кыргызстан Борбор Азиядагы экологиялык таза энергиянын борбору болуп, аймактагы гидро электр энергиянын 90%ын чыгарат. 1995-жылы ал, 2000 гигаватт-сааттан ашык электр энергиясын Казакстан, Өзбекстан, Тажикстанга экспорттосо, андан бери ал көлөм эки эсеге кыскарган.

Пикир

Оставить комментарий