• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тыныбекова UWW дүйнөлүк рейтингинде 1-орунду сактап калды, ал эми Махмудов 2-орунга көтөрүлдү

Спорт 0

Бишкек, 12.08.21. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) дүйнөлүк рейтингинде 1-орунду сактап калды. Бул тууралуу уюмдун сайтында айтылат.

Тыныбекова Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында 62 кг салмак категориясында Япониялык Юкако Каваиден жеңилип, 2-орунду ээлеген. Ошентсе да ал рейтингде өзүнүн биринчи орунун сактап кала алган.

Ал эми грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов Олимпиада оюндарында күмүш медаль тагынып, аталган рейтингдин 2-орунуна көтөрүлдү. Биринчи орунду Махмудовду жеңген Венгриялык балбан Тамаш Лёринц ээлейт.

Пикир

Оставить комментарий