• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Элчи Абдылдаев Германиянын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 12.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 11-августунда КРнын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаев Германиянын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Габриела Геллил менен жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуу убагында кыргыз-герман кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы маселелер талкууланды.

Ошону менен бирге, 2022-жылдын 3-февралында боло турган Кыргызстан менен Германиянын ортосунда дипломатиялык кызматташтыктын орнотулганынын 30 жылдык мааракесине арналган герман тарап менен чогуу өткөрө турган иш-чаралар каралды.

Пикир

Оставить комментарий