• 88.68
  • 95
  • 0.95

Төрага Нурланбек Шакиев ТүркПАнын кеңешинин жыйынына катышты

Саясат 0

Бишкек, 28.04.23. /Кабар/. Бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев Анкара шаарында өтүп жаткан Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кеңешинин жыйынына катышты.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жыйын төрага Шакиевдин демилгеси менен Түркиядагы жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондорду эскерүү менен башталды.

Андан соң Шакиев быйыл ТүркПАнын түзүлгөнүнө 15 жыл толгонун, бул жылдар аралыгында көптөгөн долбоорлор даярдалып, ишке ашырылганын жана боордош элдердин ынтымагын арттырган демилгелер мүчө өлкөлөрдүн парламенттери тарабынан ар дайым колдоого ээ болуп келгенин белгиледи.

Муну менен катар төрага глобалдык өзгөрүүлөрдүн алкагында алакаларды жаңы багытта өнүктүрүү зарылчылыгына токтолду.

"Ынтымак – бейкуттуктун көрөңгөсү, ымала – ырыстуу элдин жөрөлгөсү” – деп кыргыз элинде айтылгандай, бүгүнкү шарттарда боордош элдердин ынтымагы тыгыз кызматташтык менен өнөктөштүктүн негизги пайдубалы экени анык. Андыктан, тарыхый байланышыбызга таянуу менен мындан ары да алакабызды арттыруубуз кажет. Биз биргелешкен аракеттер аркылуу гана саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыгыбызды чыңдай алабыз", – деп кошумчалады.

Ошондой эле ТүркПАга төрагалык кылуу милдети Кыргызстандан Түркияга өтүп жатканын айткан Нурланбек Шакиев Ассамблеянын мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий