• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Элчи Гүлнара-Клара Самат Татарстандын премьеринин орун басары менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 04.03.21. /Кабар/. 2021-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Татарстан Республикасынын премьер-министринин орун басары - Татарстан Республикасынын Россия Федерациясындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Равиль Ахметшин менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын РФдагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ушул жылдын 24-февралында Москва шаарында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Татарстан Республикасынын президенти Рустам Миннихановдун ортосунда болуп өткөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Жолугушууда Гүлнара-Клара Самат Садыр Жапаровдун Татарстан Республикасы менен кызматташтыкты масштабдуу кеңейтүү боюнча ниетин белгиледи.

Өз кезегинде Равиль Ахметшин Кыргыз Республикасы менен өз ара аракеттенүүнүн жаңы багыттарын тереңдетүү жана аныктоо максатында Татарстан Республикасынын президенти Р. Миннихановдун тапшырмасы боюнча Татарстан Республикасынын вице-премьер-министри, өнөр жай жана соода министри А. Каримов башында турган жумушчу топ түзүлгөндүгүн айтты.

Мындан тышкары, Ахметшин Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчиси Гүлнара-Клара Саматты Татарстанга иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий