• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков: Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы саясий кызматташтык жаңы деңгээлге чыгууда

Саясат 0

Бишкек, 12.06.19. /Кабар/. "Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы саясий кызматташтык жаңы деңгээлге чыгууда", - деп билдирди Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга менен болгон кеңири форматтагы жолугушуунун жүрүшүндө .

Белгилей кетсек, бүгүн Монголиянын президенти Кыргызстанга расмий визит менен келди.

Мамлекет башчысы эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү зарылчылыгын белгиледи.

Президент Монголиянын Кыргызстандагы элчилигинин ачылышы өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын дарамети толук ачылып, өз ара мамилелер жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүлөрүн баса белгиледи.

"Өз кезегинде, биз да Монголияда дипломатиялык өкүлчүлүгүбүздү ачуу маселесинин үстүндө иштеп жатабыз. Жакын арада Улан-Батордо Ардактуу консулдук ачабыз деген планыбыз бар", - деди Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий