• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте майыптыгы бар балдар арасында сууда сүзүү боюнча ачык чемпионат өттү

Спорт 0

Бишкек, 28.04.23. /Кабар/. Бишкекте майыптыгы бар балдар арасында сууда сүзүү боюнча ачык чемпионат өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

"Парус" бассейнинде 40ка жакын спортчулар сууда сүзүү боюнча жарышты. Мелдештер ар кандай аралыкта жана сууда сүзүү стилдеринде өткөрүлдү.

Эркектер арасында Медер Тыныстанов, Стас Гениевский, Жолдошбек Урмамбетов жеңүүчү болсо, кыздар арасында Азалия Юсурова, Нурсейил Солтоева алдыңкы орундарды ээлешти.

Көзү азиз спортчулардын арасында Надежда Рак алдыңкы орунду ээледи.

Пикир

Оставить комментарий