• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык балбандар Афинада дүйнө чемпионатына катышышат

Спорт 0

БИШКЕК, 17.08.17 /Нуркыз Сабырова - Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курамасы Грецияда кадеттер арасындагы дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Чемпионат 2-7-сентябрда Афинада өтөт. Кыргызстандан 17 жаштагы беш балбан катышат. Алар спорт чеберине талапкерлер болуп саналышат.

Кураманын курамы:

1. Мурат уулу Улан 2000-ж.., 42 кг чейин

2. Каныбек уулу Эрмек 2000-ж., 50 кг чейин

3. Куттубек уулу Акылбек 2000-ж., 58 кг чейин

4. Бегалиев Алмазбек 2000-ж., 63 кг чейин

5. Талантбеков Акылбек 2000-ж., 76 кг чейин

6. Мамбетов Ратбек ага машыктыруучу.

Чемпионатка кураманын катышуусу үчүн Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча дирекциясынын бюджетинен 787 миң сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий