• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек шаарында IV билим фестивалы өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 28.04.23. /Кабар/. Бишкекте Аалы Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясынын базасында IV билим фестивалы өтүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, быйыл фестиваль “Билим жана космос: биз илим менен илхамды айкалыштырабыз!”, “Илимий ачылыштардын белгисиз дүйнөсүнө кадам ташта!” “Келечегиң үчүн космостук технологиялар!” деген ураан астында өтүүдө.

Билим фестивалы окуучулардын гана эмес, ата-энелердин да катышуусундагы ар кандай оюндар, спектаклдер, спорттук жана музыкалык сынактар, спорттук мелдештер, тарыхый оюндар, практикалык семинарлар, викториналар, тренингдер форматында, квест оюндары, интерактивдүү сабактар, музыка жана башкалар уюштурулду.

Фестивалдын негизги максаты - балдардын билимге жана чыгармачылыкка болгон кызыгуусун, маалымат менен иштөө көндүмдөрүн, өтө эрте жашынан эле өз алдынча ой жүгүртүүгө умтулуусун калыптандыруу, ата-энелерди мектеп ишмердүүлүгү менен тааныштыруу болуп саналат.

Фестиваль эки күнгө - бүгүн жана эртең уланат.

Пикир

Оставить комментарий