• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Доскул Бекмурзаев: Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактарынын дарамети чоң

Коом 0

Бишкек, 03.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактарынын дарамети чоң, аталган багытта иштөөгө кызыкдар болгон инвесторлорду тартуу боюнча иш жигердүү жүрүүдө. Бул тууралуу КР энергетика министри Доскул Бекмурзаев өкмөттөр аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-түркмөн комиссиясынын бешинчи жыйынында билдирди.

Ведомствонун басма сөз кызматы маалымдагандай, отурум видеоконференция форматында өттү. Комиссиянын жыйынын кыргыз тараптан КР энергетика министри Доскул Бекмурзаев жана түркмөн тараптан Түркмөнстандын энергетика министри Хаджимухаммед Режепмырадов алып барды.

Жыйында министр Бекмурзаев заманбап технологияларды колдонуу менен электр энергиясынын кубаттуулугун көбөйтүү үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын айтты.

«Жакынкы келечекте өлкөнүн өзүнүн энергетикалык мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, жаңы энергетикалык объектилерди ишке киргизүү боюнча иштер аткарылууда. Бир нече кичи ГЭСти куруу үчүн жумуштар жигердүү жүрүп жатат. Бул үчүн ички жана тышкы инвесторлорго жагымдуу шарттар түзүлдү», - деди ал.

Муну менен катар Доскул Бекмурзаев Кыргызстандын Энергетика министрлиги эл аралык байланыштарды илгерилетүүгө өзгөчө көңүл бурарын кошумчалады.

«Эл аралык интеграциялык бирикмелер менен кызматташуубуз энергетика тармагына инвестицияларды тартууга, энергиянын натыйжалуулугун жогорулатууга, электр станцияларын, көмөк чордондорду, электр берүү линияларын жана энергетикалык объектилерди модернизациялоого жана реконструкциялоого багытталган», - деди Бекмурзаев.

Ошондой эле Доскул Бекмурзаев КР президенти Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 27-28-июнунда Түркмөнстанга болгон расмий сапарынын алкагында түркмөн тарап менен КРга жаратылыш газын жана электр энергиясын импорттоо боюнча макулдашууга жетишилгенин кошумчалап, ага ылайык, 2021-жылдын 1-августунан тарта Түркмөнстандан Кыргызстанга электр энергиясы берилип жатканын белгиледи.

Белгиленгендей, 2022-жылга Түркмөнстандан электр энергиясын алуу боюнча дагы келишим түзүлгөн. Учурда бул багытта мамлекет башчыларынын жана министрликтердин деңгээлинде сүйлөшүү активдүү жүрүп жатат.

Отурумдун жыйынтыгында өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн комиссиясынын бешинчи отурумунун протоколуна кол коюлду.

Кыргыз-түркмөн комиссиясынын ишмердүүлүгү эки өлкөнүн кызматташтыгынын келишимдик-укуктук базасын иштеп чыгууга, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелердин келечегин аныктоого багытталган.

Пикир

Оставить комментарий