• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Суунун Кара-Дөбө айылында 400дөй турак жай сел коркунучунан корголот

Коом 0

Бишкек, 13.05.23./Кабар/. Ош облусундагы Кара-Суу районунун Кара-Дөбө айылында 400дөй турак жайды сел каптоо коркунучунан коргоо аракети жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Дөбө айылы аркылуу өтүүчү Машрапсай сайынын оң жээгиндеги 150 метр дамбаны куруу иштери 15-апрелден тарта башталган.

Дамбанын болжолдуу баасы 2 млн 518 миң 820 сомду түзөт. Азыркы учурда дамбанын 30 метр аралыгы бүткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий