• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекти каптаган кара түтүндөн кантип арылабыз? Адистин жообу

Коом 0


Бишкек, 21.09.23. /Кабар/. Бишкектеги ыш маселесинен арылуу үчүн шаардын четиндеги конуштарды газдаштыруу уланууда. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Бишкек-Аламүдүн башкармалыгынын башчысы Нурлан Шаршеев “Кабар” агенттигине курган маегинде билдирди.

Ал кышка чейин жалпы 38 миң үйгө газ киргизүү пландалганын, учурда анын 70 пайызы ишке ашканын кошумчалады. Ал газдаштыруу менен калаадагы кара түтүн маселесинен арылууга чоң түрткү болорун айтат.

Мындан тышкары, Нурлан Шаршеев үйлөрдү газга өткөрүү үчүн эми жаңы долбоор ишке киргизилерин белгиледи. Анын берген маалыматына караганда, долбоор аркылуу жарандар жеңилдетилген түрдө 8-12 пайыздык насыя ала алышат. Каражат “Айыл банк” жана “РСК банк” аркылуу берилет.

Пикир

Оставить комментарий