• 88.68
  • 95
  • 0.95

ӨКМ: Сел жүргөн аймактарга Бишкек жана Чүйдөн кошумча күчтөр тартылды

Коом 0

Бишкек, 06.05.22. /Кабар/. Ош жана Жалал-Абад облустарынын сел жүргөн аймактарына кошумча күчтөр тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-майда саат 09:00дө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынан 30 куткаруучу, Чүй облустук башкармалыгынан 30 куткаруучу, КДМБдан 30 куткаруучу жалпы 90 куткаруучу 3 КРАЗ унаасы менен Жалал-Абад облусунун Сузак жана Ош облусунун Алай райондоруна жөнөп кетишти.

Белгилей кетсек, 3-4-май күндөрү катуу жааган жаандан улам Жалал-Абад жана Ош облусунун бир канча айылдарында сел жүрүп, турак үй жана социалдык объектилерди сел суулары каптаган.

Учурда сел жүргөн аймакта Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев баштаган топ жеринде изилдөө жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий