• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда Коомдук саламаттык сактоо улуттук институту пайда болду

Ден соолук 0

Бишкек, 11.07.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо улуттук институту жөнүндө токтомго кол койду.

Документке ылайык, “Алдын алуучу медицина” илимий-өндүрүштүк бирикмеси Коомдук саламаттык сактоо улуттук институту болуп кайра аталды.

Мындай чечим президенттин жарлыгына ылайык, ошондой эле аймактын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылууга, өлкөнүн калкынын ден соолугун коргоого жана чыңдоого багытталган профилактикалык медицина чөйрөсүндө илимий-практикалык жана билим берүү ишин өнүктүрүү максатында кабыл алынды.

Ошондой эле Коомдук саламаттык сактоо улуттук институтунун уставы бекитилди.

Пикир

Оставить комментарий