• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сузакта мал, үй тиричилик буюмдарын уурдоого шектелип үч жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. Сузак районунда короодон мал, үйдөн тиричилик буюмдарды уурдоого шектелип үч жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө уурулардан зыян тартышкандыгын билдиришип, 8 жаран арыз менен кайрылышкан. Алар короосунан малын, үйлөрүнөн сыналгы, ноутбук, кол саат, мүшөктөлгөн жаңгак, үй тиричилик жана зер буюмдарын, кийим-кечелерин, дүкөндөрүнөн акча жана товарларын белгисиз адамдар уурдап кетишкендигин билдиришкен. Жалпысынан жабырлануучулар 600 миң сомдун тегерегинде материалдык зыянга учурашкандыгын жазышкан.

Жогорудагы фактылар кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (“Уурдоо”) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери ачылган.

Жалал-Абад облусунун аймагында өткөрүлүп жаткан “Ууру” операциясынын алкагында жогорудагы кылмыш иштеринин бети ачылды. Милиция тарабынан жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында кылмышка шектүү катары Жалал-Абад шаарынын 26 жаштагы Б.Н., Сузак районунун 28 жаштагы Т.С. жана 18 жаштагы Р.Б. аттуу тургундары кармалышкан.

Учурда шектүүлөрдүн кылмыштуу шериктерин табуу жана алардын башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугун аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий