• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

ИИМдин Республикалык окуу борборунда Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери лекция окушту

Коом 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Республикалык окуу борборунда Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери лекция окушту, - деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, ИИМдин РОБдун жалпы укуктук тармактар циклынын кызматкерлери тарабынан Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлеринин катышуусунда кайгуул-күзөт кызматы багыты боюнча билим алып жаткан 1-3-4-окуу взводдорунун талапкерлерине «КР жарандарынын укугу» темасында конок лекциясы уюштурулду.

"Бул өткөрүлгөн конок лекциясында адам укуктарынын тарых таржымалы, КР Акыйкатчысынын ролу, Акыйкатчы аппаратынын түзүмү тууралуу маалыматтар берилип, кайгуул-күзөт кызматы багыты боюнча талапкерлер менен маек курулду", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий