• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Аламүдүн районунда каракчылыкка шектелген 6 жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. Аламүдүн районунда каракчылыкка шектелген 6 жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө 24 жаштагы С.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ушул жылдын 15-февралына караган түнү жаңы конуштардын көчөлөрүнүн биринде ага карата күч колдонуп, “Редми” үлгүсүндөгү телефонун тартып алып, белгисиз тарапка качып кеткен адамдарга карата чара көрүүнү суранган.

Ушундай эле арыз менен райондук ички иштер бөлүмүнө ошол айылдын дагы бир тургуну 18 жаштагы А.К. кайрылып, ал дагы ушундай жагдайда телефонун белгисиз адамдар тартып алганын билдирген.

Бул фактылар КР Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (Тоноочулук) негизинде катталып, сотко чейинки териштирүүлөр башталган.

Керектүү тергөө-ыкчам иш-чараларын жүрүшүндө жогоруда көрсөтүлгөн фактыларды жасоого шектүү катары Чүй ОИИББнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери тарабынан аныкталып, райондук ички иштер бөлүмүнө 18 жаштагы К.Р, 17 жаштагы Б.С., А.А., 16 жаштагы Б.Э., К.Ы., С.Ф. алынып келинген.

Тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий