• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Зыян 6,8 млн сом. Бажычылар мыйзам бузуу фактысын аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.01.23. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери бажы мыйзам бузуу фактысын аныктады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бажычылар тарабынан “Ф.Я.” ЖЧК дарегине 2017-жылы бурасы бар казуучу машиналар убактылуу ташып келүү жол-жобосу боюнча бажылык тариздөөдөн өткөрүлгөн.

Аталган транспорттук каражат ЕАЭБдин аймагынан тышкары чыгарылбастан жана андан ары бажылык тариздөөсүз Кыргызстандын аймагында жайгашкан.

Аталган ишкана бажы талаптарын аткарбай, Кыргызстандын бюджетине айып туумдарын кошуп 6 млн 845 миң 484 сом өлчөмүндө зыян келтирген.

Бул факты каттоого алынып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн КР Башкы прокуратурасына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий