• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда суу ресурстары боюнча саясатты жүргүзгөн маморгандын статусу жогорулатылат

Курултай 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда суу ресурстары боюнча саясатты жүргүзгөн мамлекеттик органдын статусу жогорулатылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 15-декабрда Бишкекте өтүп жаткан экинчи Элдик курултайда билдирди.

Анын айтымына караганда, Кыргызстан транс чек аралык суу системасынын бир бөлүгү.

"Суу саясатында ички муктаждыктарга гана эмес, эл аралык контексттен да кароого туура келет. Биздин алдыбызда сууну учурдагы керектөөлөрүбүзгө гана пайдалануу эмес, келечек муундар үчүн дагы сактоо милдети турат! Өлкөнүн жаңы суу саясаты суу ресурстарын туруктуу башкарууга, суу экосистемаларын сактоого жана коргоого, ошондой эле заманбап суу үнөмдөөчү технологияларды киргизүүгө багытталат. Бүткүл өлкө боюнча суу сактагычтарды курууну мерчемдеп жатабыз", - деп, бул максатта ирригациялык тармактын инфратүзүмүн модернизациялоо боюнча иштер улантыларын кошумчалады.

Президент ошол себептүү суу ресурстары боюнча саясатты жүргүзгөн мамлекеттик органдын статусу жогорулатыларын билдирди.


Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Экинчи элдик курултайды өткөрүү боюнча президенттин тиешелүү жарлыгы ушул жылдын августунда чыккан.

Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултай 2022-жылдын 25-26-ноябрында өткөн. Анда өлкө аймагынан келген 1000дей делегат катышкан.

Пикир

Оставить комментарий