• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кочкордон келген делегат Кызыл-Кыя ашуусу аркылуу Соң-Көл жайлоосуна жол ачууну сунуштады

Курултай 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда экинчи Элдик курултай өтүп жатат.

Иш-чаранын расмий бөлүгүндө президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сөз сүйлөдү.

Андан соң аймактардан шайланып келген делегаттар жарыш сөзгө чыгышты.

Нарын облусунун Кочкор районунан делегат болуп келген Замир Алдаяров бир катар маселелерди көтөрдү.

“Кочкор районунда акыркы жылдары суунун тартыштыгынан көптөгөн айдоо аянттары айдалбай, айдалган болсо да түшүмүн начар берүүдө. Ошондуктан Кочкор районунда жайгашкан Каракол, Каракүңгөй, Сөөк, Үкөк жана Түндүк сууларына БСР, БДР, суу сактагычтарды курууга чакырам. Бул суу сактагычтар курулса, элдин миңдеген гектар жерлери сугарылып, дыйкандардын эмгеги акталмак. Ошондой эле Кочкор районунда жайгашкан Кызыл-Кыя ашуусу аркылуу Соң-Көл жайлоосуна жол ачууну сунуштайм. Малчылар Соң-Көл жайлоосуна жетүү үчүн 200 чакырым жол жүрөт. Эгерде аталган ашуу аркылуу Сөң-Көл жайлоосуна жол ачылса, малчылардын жайлоого көчүп-конуусуна жеңил болмок. Мындан тышкары, келген туристтердин каттамдары дагы жеңилдеп, туризм тармагынын өнүгүүсүнө өз салымын кошмок”,- деди делегат.

Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Экинчи элдик курултайды өткөрүү боюнча президенттин тиешелүү жарлыгы ушул жылдын августунда чыккан.

Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултай 2022-жылдын 25-26-ноябрында өткөн. Анда өлкө аймагынан келген 1000дей делегат катышкан.

Пикир

Оставить комментарий