• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Экинчи Элдик курултай: Парламент төрагасы кабыл алынган маанилүү мыйзам долбоорлоруна токтолду

Курултай 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында экинчи Элдик курултай өтүп жатат.

Курултайда алгач Улуттук кеңеш жана эсептөө палатасынын курамдары бекитилип, төрагалары шайланды.

Андан соң, мамлекет башчысы Садыр Жапаров сөз сүйлөп, өлкөдө жасалып жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Кийинки сөз Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев берилип, төрага парламентте кабыл алынган маанилүү мыйзамдар тууралуу сөз кылды.

Анын айтымында, быйыл июнь айында парламент тарабынан курултай тууралуу конституциялык мыйзам кабыл алынып, экинчи Элдик курултай баш мыйзамдын негизинде, конституциялык мыйзамдын негизинде өтүп жатат.

Мындан тышкары, төрага Шакиев мамлекеттик тил боюнча конституциялык мыйзам кабыл алынганын белгиледи. “Бул абдан чоң жетишкендик, мыйзам учурда иштеп жатат. Мыйзамдын негизинде бардык кыргыз жарандары кыргыз тилинде сүйлөш керек, кыргыз тилинде ой жүгүртүш керек”, - деди ал.

Шакиев белгилегендей, андан кийинки мыйзам билим берүү жаатында болду. “Билимдүү эл болмоюн билимдүү, бакубат өлкөнү түзө албайбыз. Билимдүү эл гана билимдүү, келечектүү өлкөнү түзө алат. Мунун негизинде быйыл биз май айында билим берүү жаатындагы заманбап мыйзамды кабыл алдык”, - деп кошумчалады ал.

“Ошондой эле парламенттин алдында дагы кылмыштуулукка жана жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча мыйзамдарды кабыл алуу турат. Анткени, кылмыш дүйнөсү, жемкорлук мамлекет үчүн абдан чон коркунуч жарат”, - деп баса белгиледи төрага.

Эскерте кетсек, курултайга 700дөй, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи Элдик курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Экинчи элдик курултайды өткөрүү боюнча президенттин тиешелүү жарлыгы ушул жылдын августунда чыккан.

Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултай 2022-жылдын 25-26-ноябрында өткөн. Анда өлкө аймагынан келген 1000дей делегат катышкан.

Пикир

Оставить комментарий