• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Токтогулдан келген делегат билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү көтөрдү

Курултай 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда экинчи Элдик курултай өтүп жатат.

Иш-чаранын расмий бөлүгүндө президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сөз сүйлөдү.

Андан соң аймактардан шайланып келген делегаттар жарыш сөзгө чыгышты.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунан келген делегат Зина Бекматова дагы социалдык жана билим берүү жаатындагы бир катар маселелерди көтөрдү.

Ал белгилегендей, Токтогул эли мамлекеттин энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздаган Токтогул суу сактагычын курууга 33 гектар жерин берип, өздөрү тоо-ташка көчүп чыккан.

“Эми ушул жоготуулардын ордун толуктоо максатында бүгүнкү күндө курулуп жаткан Камбар-Ата-1 жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин дирекцияларын Кара-Көл шаарынан Токтогул районуна көчүрүп келип, салыктарын Токтогул шаарынын бюджетине толтуруу жагын сизден сурайбыз”, - деди ал.

Бекматова көтөргөн экинчи маселе Билим берүү министрлигине арналды. Тактап айтканда делегат тийиштүү органдар билим берүү кызматкерлеринин айлык маянасы менен бирге алардын кадыр-баркын көтөргөн кандайдыр бир чечим кабыл алып берсе деген оюн айтты.

Ал белгилегендей, билим берүү тармагы өлкөнү өнүктүрүүнүн бир багыты болуп саналат. Бирок азыркы учурда коомдо мугалимдердин кадыр-баркы түшүп, ыйлай турган абалга жеткенин айтып, төмөндөгүдөй сунуштары менен бөлүштү:

  1. Мугалимдикке Жалпы республикалык тесттен эң жогорку балл алган окуучуларда тартуу керек. Себеби мугалим күчтүү болбосо, окуучу күчтүү боло албайт;
  2. Мугалимдин айлык акысын жогорулатуу менен бирге аларды ар тараптуу колдоо керек, өзгөчө моралдык жактан;
  3. Мугалимдин айлыгын төлөөдөгү теңдемечиликти жоюп, мурдагы категорияны кайра калыбына келтирүү;
  4. Ата-энелердин окуучуларга карата жоопкерчилигин жогорулатуу;
  5. Билим сапатын жогорку днгээлге жеткирүү үчүн бир класста окуучулардын санын эң көп болгондо 30га чейин гана болуш керек. Азыркы учурда алардын саны 38ге чейин барууда.

Пикир

Оставить комментарий