• 88.68
  • 95
  • 0.95

II Элдик курултай. Улуттук кеңештин төрагасы болуп Мыктыбек Абдылдаев шайланды

Курултай 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтүп жаткан экинчи Элдик курултайдын Улуттук кеңеши жана эсептөө комиссиясы шайланды.

Улуттук кеңештин курамы 17 мүчөдөн турат. Курултайга келген делегаттар бир добуштан колдоп, Улуттук кеңештин курамын бекитти.

Улуттук кеңештин төрагасы болуп Мыктыбек Абдылдаев, анын орун басарлары болуп Эркинбек Абдыразаков, Баатырбек Исмаилов шайланды.

Ошондой эле Курултайга келген делегаттар бир добуштан колдоп, эсептөө комиссиясынын курамын бекитти.

Эсептөө комиссиясынын курамына 13 адам кирди. Асел Лаваева Эсептөө комиссиясынын төрайымы болуп шайланды.

Мындан тышкары, Жыргалбек Качкеев Элдик курултайдын катчысы болуп шайланды.

Эскерте кетсек, курултайга 700дөй, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи Элдик курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Экинчи элдик курултайды өткөрүү боюнча президенттин тиешелүү жарлыгы ушул жылдын августунда чыккан.

Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултай 2022-жылдын 25-26-ноябрында өткөн. Анда өлкө аймагынан келген 1000дей делегат катышкан.

Пикир

Оставить комментарий