• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору бойдон калууда

Коом 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору бойдон калууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-декабрда жаап өткөн жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун 55-110-чакырымдарында, Каракол–Эңилчек унаа жолунун 45-48 жана 74-90-чакырымдарында (Чон-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий