• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте мыйзамсыз курулган имараттарды бузуу иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. Бишкекте мыйзамсыз курулган имараттарды бузуу иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө Ахунбаев көчөсү, 100 дарегинде соода объекти түрүндөгү кеңейтүү буздурулду.

Жеринде борбор калаанын мэриясынын кызматкерлери, «Бишкекбашкыархитектура» МИ, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте иш алып барууда.

Иштин жүрүшүндө, 40 чарчы метр муниципалдык аймак бошотулду. Буга чейин жогоруда аталган объектинин ээсине мыйзам бузууларды жоюу тууралуу билдирүү берилген.

Ошондой эле Ахунбаев көчөсү, 96/2 дарегиндеги «Ак түн» мейманканасынын жанында орнотулган 25 метр темир тосмо алынды.

Мындан тышкары, Октябрь райондук прокуратурасынын буйругунун негизинде, жалпы аянты 98 чарчы метрди түзгөн темир тосмо алынган.

Тыналиева көчөсү, 2/18 дарегиндеги 175 чарчы метр «Бонус» дүкөнү ээси тарабынан өз ыктыяры менен буздурулууда.

Буга чейин жетекчилик тарабынан комиссиялык кароо жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында муниципалдык аймакты уруксатсыз орнотулган орнотуулардан, ошондой эле учурдагы мыйзам нормаларын бузуу менен курулган же курулуп жаткан имараттардан жана курулуштардан тазалоо боюнча эскертүү кагазы берилген.

Пикир

Оставить комментарий