• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча атайын институт түзүлөт

Курултай 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча атайын Изилдөө институту түзүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан экинчи Элдик курултайда билдирди.

Институт учурдагы азык-түлүктүн абалын, өндүрүштү, керектөөнү, резервдерди, тамак-аш азыктарынын жеткиликтүүлүгүн изилдеп-талдоо менен алектенип, тиешелүү сунуштар менен болжолдоолорду иштеп чыгат.

"Бүгүнкү күндөгүдөй өткөөл учурда инновацияларды киргизүү менен калктын жашоо-турмуш шартын жогорулатуу максатында коомдун муктаждыктарына жооп берүү зарыл. Элдин жашоо-турмушун жакшыртууда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маселеси турат. Биринчи кезекте бул багыттагы саясат азык-түлүк булактарын диверсификациялоого жана социалдык маанилүү товарлардын ички өндүрүшүн көбөйтүүгө багытталат. Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча атайын Изилдөө институту түзүлөт", - деди президент.


Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Пикир

Оставить комментарий