• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенден келген делегат президенттен Сүлүктүнүн административдик-аймактык түзүлүшүн иретке келтирүүнү суранды

Курултай 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда экинчи Элдик курултай өтүп жатат.

Иш-чаранын расмий бөлүгүндө президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сөз сүйлөдү.

Андан соң аймактардан шайланып келген делегаттар жарыш сөзгө чыгышты.

Биринчилерден болуп Баткен облусуна караштуу Сүлүктү шаарынан келген делегат Байышбек Абдраимовго берилди.

Делегат өз сөзүндө бүгүн эки сунуш менен келгендигин айтты. "Кумтөр алтын кенине окшогон ири мамлекеттик экономикалык дарыянын нугун түздөн-түз республиканын бюджетине бурганыңыз чоң эмгек. Сүлүктүнүн көмүр кендери да дарыяга куйган булак. Бирок булаксыз дарыя - кубатсыз деген сөз бар. Биринчи сунушум өнүгүүнүн приоритеттүү багытына алыскы региондордун микроэкономикасын өнүктүрүү боюнча иш-чараларды, анын ичинде Сүлүктү көмүрү, кварц куму жана башка тармактарды кошуп коюуңузду суранам", - деди делегат.

Байышбек Абдраимов өз сөзүндө учурда мамлекеттин административдик-аймактык түзүлүшүн оптималдаштыруу боюнча алгылыктуу иштер аткарылып жаткандыгын билдирди.

"Бирок бул толкундун эпкини облустук маанидеги эң алыскы шаарларга жеткиликтүү болбой жатат. Анткени мындан 32 жыл мурда жүргүзүлгөн административдик-аймактык иштердин кемчиликтеринен улам пайда болгон көйгөйлөр азыркыга чейин чечиле элек. Мисалы, Сүлүктү шаарынын Кенчи айыл аймагынын жетекчилиги тастыктаган документтер бүгүнкү күндө деле бүтө элек. Мындай көйгөйлөр Сүлүктүнүн башка аймактарында да бар. Экинчи сунушум - Сүлүктү шаарынын административдик-географиялык аймагын иретке келтирүү боюнча комиссия түзүп, өзүңүз көзөмөл кылып берсеңиз.

Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Экинчи элдик курултайды өткөрүү боюнча президенттин тиешелүү жарлыгы ушул жылдын августунда чыккан.

Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултай 2022-жылдын 25-26-ноябрында өткөн. Анда өлкө аймагынан келген 1000дей делегат катышкан.

Пикир

Оставить комментарий