• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Акылбек Жапаров: 11 айда ИДПнын көлөмү 1 трлн 72 млрд сомго жетти

Курултай 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан II Элдик курултайдын жүрүшүндө экономика жаатындагы иштер жакшы диманика менен бара жатканын белгиледи.

"Дүйнөлүк тобокелдиктерге карап өзүбүздүн божомолдорубузду консервативдүү алып жатабыз. Бирок, жакшы динамика менен бара жатат. Быйылкы жылдагы ички дүң продуктынын көлөмү пландалгандай эле, 11 айда 1 тлрн 72 млрд сомду түзүп, 2023-жылга болжолдонгон көлөмгө жеттик. Алдыда дагы жарым айыбыз калды", - деди ал.

Жапаров тышкы саясаттын туура жүрүшүнөн 2022-жылы өлкөнүн экономикасына 1,2 млрд доллар түз чет элдик инвестиция тартылганын белгиледи.


Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Экинчи элдик курултайды өткөрүү боюнча президенттин тиешелүү жарлыгы ушул жылдын августунда чыккан.

Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултай 2022-жылдын 25-26-ноябрында өткөн. Анда өлкө аймагынан келген 1000дей делегат катышкан.

Пикир

Оставить комментарий