• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Акылбек Жапаров: Президент эч кимге кирешелерди уурдоого жол бербейт

Курултай 0

Бишкек, 25.11.22. /Кабар/. Садыр Жапаровдун эмгегинин артында Кыргызстан социалдык-экономикалык өнүгүүгө жетише алды. Бул тууралуу бүгүн биринчи Элдик курултайда сүйлөп жатып министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Ал белгилегендей, мамлекет башчысы бюджеттен уурдоо мүмкүнчүлүктөрүн буу салган.

“Президент эч кимге кирешелерди уурдоого жол бербейт. “Бизде болсо элде да болот” деген түшүнүктү өзгөртүп, ал ар бир чиновникке тескерисинче “биринчиден элде болсун, андан кийин бизде болот” деген түшүнүктү сиңирүүгө аракеттенүүдө. Эки күн бою ишибиздеги кемчиликтерди айтасыздар. Биз бул убакыт бою сиздер менен бирге болуп, кеткен кемчиликтерди угууга даярбыз. Президент койгон максаттарга жетүү үчүн ар бир жарандын колдоосу керек. Ошондуктан, биринчи кезекте элди ынтымакка чакырууну өтүнөм”, - деди Жапаров.

Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда биринчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күн — 25-26-ноябрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча биринчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Белгилей кетүүчү жагдай, президенттин «Элдик курултайды чакыруу жөнүндө» жарлыгына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарына биринчи Элдик курултайды өткөрүү белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий