• 88.68
  • 95
  • 0.95

II Элдик курултай. Делегат билим берүү тармагындагы көйгөйлүү маселелерге токтолду

Курултай 0

Бишкек, 16.12.23./Кабар/. Бишкекте Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында мамлекеттик масштабдагы экинчи Элдик курултай ишин улантууда.

Курултайдын жүрүшүндө 35 жылдык стажысы бар мугалим катары делегат Нуржамал Романова билим берүү тармагындагы көйгөйлүү маселелерге токтолду.

“Учурда жалпы республикалык тестирлөө биздин көйгөйүбүз болуп келет. Анткени, бүгүнкү күндө билим берүү тармагындагы социалдык ажырым кеңири көрүнүп калды. Байдын балдары жана социалдык колдоого муктаж ата-эненин балдары болуп. Жалпы республикалык тестирлөөдөгү программа, окуу материалдары мектептин окуу программасында жоктугуна байланыштуу байдын балдары кошумча окуу борборлорунан билим алат, ал эми акчасы жок үй-бүлөнүн балдары мектептин окуу программасы менен гана чектелип калып жатат. Ошондуктан, Билим берүү министрлигине караштуу Улуттук тестирлөө борбору мектептин компьютерлерине тесттик базаларды улаштырып берсе, биз мугалимдер окуучуларды ошол тесттик базалар менен күн сайын даярдайт элек. Экинчи маселеге токтолсок, мугалимдердин укуктары тебеленип жатат. Ноябрда мугалимдерди аттестациялоо боюнча Билим берүү министрлигинин буйругу чыккан. Ал аттестациядан биринчи жолу өтпөй калган мугалим, экинчи жолу акы төлөп өтөт. Мугалимден башка кесип ээлери мындай аттестациялоодон өтпөйт. Ушул маселени карап көрүүнү өтүнөм”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Экинчи элдик курултайды өткөрүү боюнча президенттин тиешелүү жарлыгы ушул жылдын августунда чыккан.

Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултай 2022-жылдын 25-26-ноябрында өткөн. Анда өлкө аймагынан келген 1000дей делегат катышкан.

Пикир

Оставить комментарий