• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Элдик курултай. Баткендик делегат алыскы Зардалы айылынын жол көйгөйүн чечип берүүнү суранды

Курултай 0

Бишкек, 16.12.23. /Кабар/. Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен экинчи Элдик курултай ишин улантып жатат. Бүгүн, 16-декабрь - курултайдын экинчи күнү.

Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 700гө жакын делегат чогулуп, чет өлкөдө жашаган мигранттардын, диний конфессиялардын өкүлдөрү да катышууда.

Баткен районуна караштуу Кара-Бак айылынан келген делегат Курманбек Сапаров президенттен "Теке секирик" долбоорун колдоп берүүнү суранды.

"Баткенди кеңейтип, жашылдандыруу үчүн суу керек. "Теке секирик" долбоору ишке ашып калса, Баткен өнүгүп-өсмөк", - деди делегат.

Белгилей кетсек, “Теке секирик” долбоору 2006-жылы Баткендин ошол кездеги губернатору, Султанбай Айжигитов тарабынан сунушталган. 16 жылдан бери сөз болуп келе жаткан долбоор ишке ашса Баткен облусунда кеминде 50 миң гектар жер өздөштүрүлөт. Долбоордун алкагында Баткен районунун аймагындагы Көк-Дарыяга суу сактагыч жана ГЭС курулушу керек.

Ошондой эле баткендик делегат мамлекет башчысынын көңүлүн алыскы Зардалы айылына бурду. "Зардалы айылы 120 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ал жерде электр энергиясы, жол, байланыш жок. 43 кожолук жашаган айылдын жол маселесин чечүүдө жардам берсеңиз", - деди ал.

Андан тышкары, делегат Кара-Бак айылында 2 мин адамга эсептелген суу түтүгү кичинелик кылып жаткандыгын айтты. "Бүгүнкү күндө айылда 8 миң адам жашап, 2 күн суу болсо, 6 кун жок болууда. Ошол маселени да чечүүдө көмөк көрсөтсөңүз", - деди Кара-Бак айылынан келген делегат Курманбек Сапаров.

Маалымат үчүн: Зардалы Кыргызстандын эң алыскы айылы. Электр жарыгы, радио, телевизор, интернет жок. Айылга жетүү үчүн унаа жол жок болгондуктан тоо-ташты аралап барасың.

Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Экинчи элдик курултайды өткөрүү боюнча президенттин тиешелүү жарлыгы ушул жылдын августунда чыккан.

Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултай 2022-жылдын 25-26-ноябрында өткөн. Анда өлкө аймагынан келген 1000дей делегат катышкан.

Пикир

Оставить комментарий