• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Министрлер кабинетинин башчысы: Кыргызстан – курултайды Конституция менен тааныган биринчи өлкө

Курултай 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. Кыргызстан – курултайды Конституция менен тааныган биринчи өлкө. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда сүйлөгөн сөзүндө министрлер Ккбинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Ал ошондой эле Жогорку Кеңештин алдында өлкөнүн 2024-жылга карата бюджети бекитилгенин, мындан тышкары 28-декабрда Президенттин катышуусунда Министрлер Кабинетинин кеңейтилген жыйынын өткөрүү пландалып жатканын, анда 2023-жылдын жыйынтыгы чыгарылаарын кошумчалады.

«Глобалдык тобокелчиликтерге карабастан, аткаруу бийлигинин иши жакшы жылып жатат. Ошентип, үстүбүздөгү жылдын 11 айында ИДПнын көлөмү рекорддук 1 триллион 72 миллиард сомду түздү. Өсүү темпи 4,5% түздү. Тышкы саясаттын туура багытынын аркасында 2022-жылы 1,2 млрд доллар түз чет элдик инвестиция алынды”, - деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысы келерки жылы өнөр жай тармагына өзгөчө көңүл буруларын баса белгиледи.

«2024-жылы 100 өндүрүштүк ишкананы ишке киргизүүнү пландап жатабыз. Чүй облусунда эле 160 миллион долларлык Терек-Таш цемент заводу, кафель жана керамика чыгаруучу цех, тамеки фабрикасы ачылат. Өзбекстан менен биргеликте 50 миллион долларлык машина куруучу заводду ишке киргизүү пландалууда. 700 гектар жерге логистикалык шаарчаны куруу башталат. Майлуу-Суу лампа заводун модернизациялоого 1 млрд сом бөлүндү», - деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, Элдик курултайга өлкөнүн бардык облустарынан, чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан жана этнлстук өкүлчүлүктөрдөн 700 делегат катышууда. Ошондой эле парламент депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана мамлекеттик органдардын жетекчилери катышууда.

Пикир

Оставить комментарий