• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жапаров: Акыркы эки жыл ичинде алтын кендери боюнча 148 лицензияны кайтарып алдык

Курултай 0

Бишкек, 26.11.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Элдик курултайдын экинчи күнү өтүп жатат.

Курултайда президент Садыр Жапаров делегаттын чет өлкөлүк ишканаларга сатылып кеткен лицензиялар боюнча кайрылуусуна жооп берди.

“Бул бизге чейин болгон. Биз келгенден бүгүнкү күнгө чейин (эки жыл) алтын кендери боюнча 148 лицензияны кайтарып алдык. Буйруса, бул кендерди мамлекет өзү иштетет же инвесторго берсек, 30 пайыздан кем эмес таза кирешеси мамлекетте калат. Мындан ары лицензия сатылбайт”, - деди өлкө башчы.

Белгилей кетсек, курултайга президент Садыр Жапаров, өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күн — 25-26-ноябрга созулат.

Пикир

Оставить комментарий