• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Делегат: мектепте мыйзамсыз акча чогултуулар уланууда

Курултай 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда делегат Шайдулла Жолдубаев президенттин мектептерде акча чогултууга тыюу салган жарлыгы аткарылбай, дагы деле мыйзамсыз акча чогултуулар болуп жаткандыгын айтты.

"Мектептерде акча чогултууга тыюу салган жарлыкка кол койдуңуз. Буга биз абдан кубандык. Бирок ал жарлыгыңыз аткарылган жок. Мектептерде дагы деле мыйзамсыз акча чогултуулар улануудаа. Камкорчулук кеңеши, "жардам берели, чогултуп коелу" деген жүйө менен чогултуулар жүрүп жатат. Мектептерде акча чогултуу дегенди толугу менен жок кылыш керек", - деп, мектепте иштеген техникалык персоналдык айлык акысы аз экендигин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, президент ушул жылдын май айында мектептерде акча чогултууга жана фонддорду түзүүгө тыюу салган жарлыкка кол койгон.

Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Экинчи элдик курултайды өткөрүү боюнча президенттин тиешелүү жарлыгы ушул жылдын августунда чыккан.

Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултай 2022-жылдын 25-26-ноябрында өткөн. Анда өлкө аймагынан келген 1000дей делегат катышкан.

Пикир

Оставить комментарий