• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Мектептерде акча чогултууга жана фонддорду түзүүгө тыюу салынды. Президенттин жарлыгы

Президент 0

Бишкек, 26.05.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Соңку жылдары КР министрлер кабинети, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарында (1-класстан 11-класска чейинки мектептерде) акча каражаттарын мыйзамсыз чогултууларга жол бербөө боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Бирок тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерге карабастан, кабыл алынган чечимдерди жана актыларды бузуу менен мектептерде окуучулардын ата-энелеринен (аларды алмаштыруучу адамдардан) окуу классын/жайын оңдоого, кайтарууга, окуу класстары үчүн зарыл болгон буюмдарды (принтер, проектор, парда, бор, чүпүрөк, чака, самын ж. б.) сатып алууга жыл сайын акча каражаттарын чогултуу практикасы уланууда.

Ошол эле учурда мектептерде акча каражаттарын чогултуу окуучулардын ата-энелерине (аларды алмаштыруучу адамдарга) таасир этүү, анын ичинде моралдык-психологиялык басым көрсөтүү жолу менен кылынуучу мажбурлоо мүнөзүнө ээ жана мугалимдер, ата-энелер комитеттери, коомдук фонддор жана мектептердин алдындагы башка коммерциялык эмес уюмдар аркылуу жүзөгө ашырылууда. Өз кезегинде ата-энелер мектепте мугалимдер, башка ата-энелер же мектептин администрациясы тарабынан баласына терс мамиле болушу мүмкүн деп даттануу берүүдөн кооптонушууда.

Ошону менен бирге, окуучулардын ата-энелеринин “мектептин муктаждыктарына” деген мажбурланган төгүмдөрү үй-бүлөлүк бюджетке, биринчи кезекте көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө оор жүк болуп жатат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун сактоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

1. Мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарында (1-класстан 11-класска чейинки мектептерде) төмөнкүлөргө тыюу салынсын:

– мыйзамсыз акча каражаттарын чогултууга;

– мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө.

2. Мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарына (1-класстан 11-класска чейинки мектептерге) оңдоп-түзөөгө, кайтарууга жана зарыл болгон тиричилик предметтерин сатып алууга акча каражаттары милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен бөлүнөт деп белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:

– мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарында (1-класстан 11-класска чейинки мектептерде) акча каражаттарын чогултууга тыюу салган ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бекитүүсүнө бир айлык мөөнөттө киргизсин, анда мыйзам бузууга жол берген адамдардын жоопкерчилиги каралсын;

– мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарында (1-класстан 11-класска чейинки мектептерде) акча каражаттарын мыйзамсыз чогултууга жол бербөө боюнча ишти күчөтсүн;

– Бишкек жана Ош шаарларынын билим берүү башкармалыктарынын начальниктери, райондордун жана шаарлардын билим берүү бөлүмдөрүнүн (борборлорунун) башчылары, мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарынын (1-класстан 11-класска чейинки мектептеринин) жетекчилери тарабынан ушул Жарлыктын талаптарын сакталышына контролду күчөтсүн;

– бул Жарлыкты мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарынын (1-класстан 11-класска чейинки мектептеринин) жетекчилерине кол койдуруу менен жекече жеткирсин;

– мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарында (1-класстан 11-класска чейинки мектептерде) мыйзамсыз акча чогултуу маселелери боюнча “түз байланыштын” ишин уюштурсун.

4. Мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарынын (1-класстан 11-класска чейинки мектептердин) жетекчилери:

– мамлекеттик жалпы билим берүү уюмунун (1-класстан 11-класска чейинки мектептердин) педагогикалык кызматкерлерине жана административдик персоналына төмөнкүлөргө тыюу салсын:

окуучулардын ата-энелеринен (аларды алмаштыруучу адамдардан) акча каражаттарын мыйзамсыз чогултууга; финансылык маселелерди кароодо көзөмөлчүлүк кеңештеринин жана ата-энелер комитеттеринин ишине катышууга;

– ата-энелер комитеттеринин арасында окуучулардын ата-энелеринен (аларды алмаштыруучу адамдардан) мыйзамсыз акча каражаттарын чогултууга жол бербөө жөнүндө түшүндүрүү ишин жүргүзсүн;

– бул Жарлыкты мамлекеттик жалпы билим берүү уюмунун ар бир педагогикалык кызматкерине кол койдуруу менен жекече жеткирсин.

5. Акча каражаттарын мыйзамсыз алуу же окуучуларга жана алардын ата-энелерине (аларды алмаштыруучу адамдарга) моралдык-психологиялык басым көрсөтүү фактылары аныкталган учурда күнөөлүү адамдарга ээлеген кызматынан бошотууга чейинки тартиптик жаза чаралары көрүлсүн.

6. Бул Жарлык “Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана “Меценаттык жана соопчулук иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алкагында инвестицияларды тартуу үчүн мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарынын (1-класстан 11-класска чейинки мектептердин) жетекчилери тарабынан жүзөгө ашырылуучу ишке жайылтылбайт.

7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө:

– өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;

– ушул Жарлыкты ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.

Пикир

Оставить комментарий