• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Автобус жүрбөйт, суу тартыш. Чүйдүн Шамшы айылынан делген делегаттын көтөргөн көйгөйлөрү

Курултай 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда экинчи Элдик курултай өтүп жатат.

Иш-чаранын расмий бөлүгүндө президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сөз сүйлөдү.

Андан соң аймактардан шайланып келген делегаттар жарыш сөзгө чыгышты.

Чүй облусунун Чүй районундагы Шамшы айылынан делегат болуп келген Калыйбек Бейшенказиев бир катар орчундуу маселелерди көтөрдү.

Калыйбек Бейшенказиев кыргыз жылкыларын жана тайгандарын ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчүн айтты.

“Жылкы менен тайган - бул кыргыздын бренди. Мингениң ат, ээрчиткениң тайган”, - дейт ал.

Мындан тышкары, делегат Шамшы айылында орун алган бир катар көйгөйлөргө токтолуп, айтылган маселелерди чечип берүүнү суранды.

“Шамшы айылында суу түтүктөрүнүн эскиргендигине байланыштуу суу маселеси жаралууда. Буга байланыштуу огороддорго, айдоо жерлерине суу жетпей, түшүм начар болууда. Буга чейин 300-400 түк чөп алып жүргөн жерлерден быйыл 50 гана түк чөп алдык. Мал кыштан кантип чыгат, билбейм. Шамшы суусуна канал салып, элге суу жеткирүүнү сунуштайм. Шамшы суусуна ГЭС салынат деген, бирок ал учурда токтоп турат. Долбоор бар, акча бөлүнгөн, бирок эмне себептен ГЭСтин курулушу токтоп тургандыгы белгисиз. Ушул боюнча көзөмөлдү күчөтсөңүз”, - деп президентке кайрылды делегат.

Ошондой эле Калыйбек Бейшенказиев Шамшы айылындагы коомдук транспорт маселесине токтолду.

“Шамшы айылына автобус жүрбөйт. Муну айылга кетчү жолдун начар абалда болгону менен байланыштырып келишкен. Быйыл айылга кетчү жол оңдолду, бирок коомдук транспорт дагы деле жүрбөй келет. Автобустун жоктугунан туман, жаан-чачын, кар болгондо окуучулар мектепке бара албай калышат. Балдардын келечеги эмне болот? Ушул маселени чечип, Шамшы айылына автобус жүргүзүп берүүңүздөрдү өтүнөм”, - деп сөзүн жыйынтыктады Бейшенказиев.

Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Экинчи элдик курултайды өткөрүү боюнча президенттин тиешелүү жарлыгы ушул жылдын августунда чыккан.

Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултай 2022-жылдын 25-26-ноябрында өткөн. Анда өлкө аймагынан келген 1000дей делегат катышкан.

Пикир

Оставить комментарий