• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

II Элдик курултай. Оштогу кургак учукка каршы күрөшүү борборун шаар сыртына чыгаруу өтүнүчү айтылды

Курултай 0

Бишкек, 16.12.23. /Кабар/. Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен экинчи Элдик курултай ишин улантып жатат. Бүгүн, 16-декабрь - курултайдын экинчи күнү.

Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 700гө жакын делегат чогулуп, чет өлкөдө жашаган мигранттардын, диний конфессиялардын өкүлдөрү да катышууда.

Ош шаарынын Керме-Тоо айылдык аймагынан келген делегат шаардагы кургак учукка каршы күрөшүү борборун шаар сыртына чыгаруу өтүнүчүн айтты.

"Оштогу кургак учукка каршы күрөшүү борбору шаардын так ортосунда жайгашкан. Анын тегерегинде баары басып, аралашып жүрөт. Аталган борборду шаардын сыртын чыгарып беришсе. Анын ордуна мамлекеттик мектеп, бала бакча же спорттук комплекс курулса жакшы болмок", - деди делегат.

Ошондой эле делегат Ош шаарына ири спорттук залдарды куруп берүү өтүнүчүн билдирди.


Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Экинчи элдик курултайды өткөрүү боюнча президенттин тиешелүү жарлыгы ушул жылдын августунда чыккан.

Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултай 2022-жылдын 25-26-ноябрында өткөн. Анда өлкө аймагынан келген 1000дей делегат катышкан.

Пикир

Оставить комментарий