• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

II Элдик курултай. Талас шаарында медкызматкерлердин жетишсиздиги айтылды

Курултай 0

Бишкек, 16.12.23. /Кабар/. Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен экинчи Элдик курултай ишин улантып жатат. Бүгүн, 16-декабрь - курултайдын экинчи күнү.

Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 700гө жакын делегат чогулуп, чет өлкөдө жашаган мигранттардын, диний конфессиялардын өкүлдөрү да катышууда.

Талас шаарынан келген делегат Медетбек Ноорузбаев өзү медицина кызматкери экенин айтып, тармактагы кадр жетишсиздиги боюнча көйгөйдү көтөрдү.

"Медицина кызматкерлеринин жетишсиздиги Талас шаарындагы эле эмес, өлкө боюнча курч турган маселе. Мисалы, Талас облусуна 273 дарыгер керек болсо, бүгүнкү күндө алардын саны 151ди гана түзөт. Ошондо жалпы 122 дарыгер жетишпейт. Бул деген 50%дын тегерегин түзөт. Дарыгерлердин жетишсиздиги айлык маянага келип такалат. Көйгөйдү чечүү үчүн айлык акыны көтөрүү керек. Бул өз кезегинде тармактагы коррупция маселесин алдын алууга дагы өз таасирин тийгизмек", - деди ал.

Ошондой эле делегат саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жетекчилиги астында саламаттык сактоо тутумунда жакшы реформалар жана иштер жасалып жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий