• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда жеңил жүк ташуучу унаа чогултуучу заводдун курулушу апрелде башталат

Аймак 0

Бишкек, 18.03.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында жүк ташуучу электр мотоциклдерин, жеңил жүк ташуучу унааларды, насосторду жана клапандарды чогултуучу завод куруу боюнча макулдашууга кол коюлду.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жолугушууга Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, Кытайдын “Shaanxi Qing Ju New Energy Tech Co, Ltd.” жана “Shaanxi Zhichao Industrial Development Investment Management Co., Ltd”компанияларынын жетекчилери катышты.

Инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун алдын ала наркы 4 млн АКШ долларын түзүп, тараптар жумуштарды ушул жылдын апрель айынын орто ченинде баштоону пландаштырууда.

Абсаттар Сыргабаев бул аракет Жалал-Абад облусунун экономикалык көрсөткүчтөрүн жогорулатуу, өндүрүштү жолго коюну, жаңы жумуш орундарын түзүү менен инвесторлорду колдоо багытында ишке ашырылып жатканын белгиледи.

Бул демилге облус башчысынын буга чейин Кытайдын Шэньси провинциясына болгон жумуш сапарынын алкагында макулдашылган.

Пикир

Оставить комментарий