• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кант шаарындагы спорт мектебинде бассейн ачылды

Аймак 0

Бишкек, 18.03.24. /Кабар/. Чүй облусунун Кант шаарындагы Спорттун кышкы жана оюн түрлөрү боюнча балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде жайгашкан бассейндин ачылыш аземи болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Бассейин мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу ишке ашырылган. Мындай кызматташуу мамлекеттик жана жеке инвесторлордун катышуусу менен спорттук имараттарынын инфраструктурасын калыбына келтирүүгө жана жакшыртууга жардам берет.

Оңдоп-түзөөдөн өткөн сууда сүзүү бассейндин узундугу 25 метр, туурасы 12,5 метрди түзөт. Ага кошумча атайын өспүрүмдөргө арналган узундугу 12,5, туурасы 6 метрлик бассейн да ишке берилди.

Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары – Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, Экономика министрлигине караштуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк агенттигинин, Ысык-Ата районунун акимчилигинин жана Кант шаарынын мэриясынын өкүлдөрү катышты.

Ал өз сөзүндө мындан ары суучулдарга жайы-кышы дебей машыгууларын өткөрүүгө ыңгайлуу шарт түзүлгөндүгүн айтты.

"Келечекте дал ушул спорттук мектептен Азия, Дүйнө жана Олимпиада чемпиондору чыгат деген үмүтүбүз чоң”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий