• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ак-Талаада "Унаа" мамлекеттик мекемесинин филиалы иштей баштады

Аймак 0

Бишкек, 03.03.23. /Кабар/. 2023-жылы 1-марттан тартып "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Ак-Талаа сектору ишке берилди. Бул тууралуу мекеменин басма сз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мекеменин филиалы Баетов айылында Балтабай көчөсү 79 дарегинде жайгашкан “Ак-Талаа районунун суу чарба башкармалыгы” мамлекеттик мекемесинин 1-кабатында жарандарга транспорт каражаттарын каттоо/кайра каттоо жана унааларды учетко алуу/чыгаруу жаатында кызмат көрсөтөт.

"Филиал дүйшөмбү-жума күндөрү саат 08:30дан 17:30га чейин, 12:00дөн 13:00гө чейин тыныгуу менен иштейт. Транспорт каражаттарын каттоо боюнча суроолоруңуз болсо 03522 50923 номерине чалсаңыз болот", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий