• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жээнбек Кулубаев Эл аралык соода борборунун аткаруучу директору менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 03.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Эл аралык соода борборунун (ЭСБ) аткаруучу директору Памела Коук-Хэмилтон менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуу Женевада өткөн БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 52-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги сегментинин алкагында болду.

Жээнбек Кулубаев ЭСБ менен өз ара аракеттенүүнүн кыргыз тарабы артыкчылыктуу маани берген төмөнкү үч багытын белгиледи – бул креативдүү экономиканы өнүктүрүү, тышкы карызды “жашыл” долбоорлорго алмаштыруу, тоолорду туруктуу өнүктүрүү. Ал маектешине Кыргызстандын ушул үч жаатта жүргүзүп жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат берди.

Министр Кулубаев Кыргызстанда креативдүү экономиканы өнүктүрүү жана тышкы карызды “жашыл” долбоорлорго алмаштыруу боюнча ЭСБнын тажрыйба түрүндөгү колдоосунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Тоолорду туруктуу өнүктүрүү контекстинде ЭСБга тоолуу аймактардын дүйнөлүк экономикага интеграциялануусуна байланышкан көйгөйлөргө изилдөө жүргүзүү жана баяндама жасоо өтүнүчү менен кайрылды.

Мындан тышкары, министр Кыргызстандын ишкердикти жана фермердикти колдоо максатында тоолуу өлкөлөрдө “Инновациялар жана алдыңкы технологиялар борборлорун” ачуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу демилгеси жөнүндө маалымдап, аны практика жүзүндө ишке ашырууга колдоо көрсөтүүнү өтүндү.

Пикир

Оставить комментарий